Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар көрсөтмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар көрсөтмө берди

Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча соттук териштирүү Бишкек шаардык сотунда каралууда. Кезектеги отурумда “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов суралып, жумуш убактысы бүткөнүнө байланыштуу отурум 12-февралга жылдырылды. 

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча былтыр Свердлов райондук соту Сапар Исаков менен Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Мурдагы аткаминерлердин жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, экинчи инстанциядагы сот чуулгандуу ишти карап жатат. Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом зыян келтирилген.