Жаңылыктар
Кыргызстан Казакстанга ар дайым колдоосун улантат
Саясат
Кыргызстан Казакстанга ар дайым колдоосун улантат

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады. 

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи. Ошондой эле, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибинин келечек маселелерин талкуулашты.