Жаңылыктар
Азербайжандагы шайлоодо "Жаңы Азербайжан" партиясы жеңишке жетти
Дүйнө
Азербайжандагы шайлоодо "Жаңы Азербайжан" партиясы жеңишке жетти

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтин "Жаңы Азербайжан" партиясы жеңишке жетишти. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазды. Шайлоодо калктын 48 пайызы гана добуш берүүгө катышкан жана анын жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салып турушкан. Шайлоого 20 саясий партия катышты. Маалыматка ылайык, "Жаңы Азербайжан" парламенттеги 125 орундун 71ин алды. 

Оппозиция өкүлдөрү шайлоодогу добуш берүү ачык болбогонун айтышууда. Ошондой эле, “Демократиялык демилгелер институту” шайлоо тилкерлеринде көз карандысыз байкоочуларга кысым болгонун айтып чыкты. Кошумчалай кетсек, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү 2019-жылы декабрь айында "Жаңы Азербайжан" партиясы демилгелеген. Аталган сунушту өлкө башчысы Илхам Алиев колдогон.