Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте жасалма акча каражаттарын даярдап, саткан эл аралык кылмыштуу тобунун ишине бөгөт койду.
2020-жылдын 3-февралында биргеликте өткөрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мурда катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында жасалма (жүз долларлык купюралар) 20 000 АКШ долларын сатуу учурунда Кыргызстандын жараны кармалды.
Азыркы убакта КР УКМК Башкы башкармалыгы тарабынан жасалма акча каражаттарын даярдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо багытында ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатат.