Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка кол койду. Ага ылайык Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңешине шайлоо ушул жылдын 12-апрелинде өтөт. Мындан сырткары, дагы бир нече айылдык, шаардык кеңештердин курамы алмашат.
Алар Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңеши, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңеши жана Майлуу-Суу шаардык кеңеши, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жерге-Тал, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор, Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңеши жана Балыкчы шаардык кеңеши, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңеши, Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон, Ноокат районунун Көк-Бел, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырзаке айылдык кеңеши.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.