Жаңылыктар
“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун өкүлдөрү калыстык издешет
Кыргызстан жаңылыктары
“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун өкүлдөрү калыстык издешет

Бүгүн Коомдук биринчи каналга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арыз-муңун айтып кайрылды. Жоон топ адамды каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков кабыл алып, маселе талкууланды. “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун өкүлдөрү, коомду жетектеген Калык Мамбетакуновдун ишмердүүлүгүнө каршы экендигин айтканы келишкен. 

Алардын айтымында Калык Мамбетакунов орун басарлары жана жардамчылары менен бирге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда жана коомдун уставында каралган майыптарга тийиштүү жоболор аткарылбай келүүдө.

Ошондой эле жетекчи майыптар үчүн мамлекеттин эсебинен курулган батирлерди адилетсиз таратып жатканын, турак-жай менен камсыз кылуу тармагында чырмалышкан паракорчулук өкүм сүргөнүн айтышты. Уюмдун мүчөлөрү буга чейин депутаттарга, өлкө жетекчилигине чейин кайрылуу жөнөтүшүп, укугубуз тебеленип жатат деп жардам сурашканын белгилешти.

Коомдук каналдын жетекчиси укугубуз корголбой жатат деп келген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга маалыматтык колдоо көрсөтүлөөрүн айтты. Маселе жараткан теманын алкагында журналисттик иликтөө жүргүзүлөт жана эки жаатка бөлүнгөн коомдун мүчөлөрүнүн катышуусунда калыс түз эфир уюштурулат. 

Ошондой эле Илим Карыпбеков жакында коомдук телеканалда жаңылыктарды коштоп чыга турган сурдо котормо кызматын киргизүү иштери жүрүп жатканын билдирди.