Жаңылыктар
Балбай айылынан Караколго чейинки жол каттамы оңдолот
Аймак
Балбай айылынан Караколго чейинки жол каттамы оңдолот

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Балбай айылынан Караколго чейинки жол каттам Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын колдоосу менен оңдолот. Ал Балыкчы - Корумду жолунун 185-чакырымынан 220- чакырымына чейинки аралык. Бул боюнча аталган банктын өкүлдөрү менен өкмөт өкүлү Акылбек Осмоналиев алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Транспорт министрлигинен билдиришкендей, буга чейинки Корумдудан Балбай айылына чейинки каттамды Араб өнүктүрүү фонду каржылап, 128 млн доллар бөлүнөт. Ысык-Көл облустук жол тейлөө башкармалыгынан билдиришкендей Балбай - Каракол каттамын толук оңдоп-түзөө боюнча учурда долбоорлоо иштери башталган.

"Балбай айылынан Караколго чейинки 185-220 чакырым жолу калып калган. Муну жасоо боюнча министрлик тарабынан көп иштер жасалды. Бул боюнча ЕБРР өкүлдөрү менен алгачкы сүйлөшүүлөр болуп протокол түзүлдү",- деди Ысык-Көл облустук жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Кудайкул Күчүков.