Жаңылыктар
Бразилиядагы нөшөрлөгөн жаандан улам, Сан-Паулуну сел каптады
Дүйнө
Бразилиядагы нөшөрлөгөн жаандан улам, Сан-Паулуну сел каптады

Бразилиядагы нөшөрлөгөн жаандан улам, өлкөнүн калктуу шаары Сан-Паулуну сел каптады. Ассошиэйтед Пресс маалыматтарына караганда, бир күн ичинде жааган жаан-чачындын деңгээли, акыркы 37 жылда катталган эң жогорку көрсөткүчтү берди. 

Жыйынтыгында, Тиете жана Пинейрос дарыяларынын суусу ташкындап, жээкке чыкты. Жамгыр жана суу ташкындары коомдук транспорт каражаттарынын бузулушуна алып келди. Мындан алардын иши үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле шаар мэринин айтымында, 40тан ашуун мектепте сабактар токтотулду.