Жаңылыктар
Казакстан: Масанчи айылында жашоо калыбына келе баштады
Дүйнө
Казакстан: Масанчи айылында жашоо калыбына келе баштады

Массалык мушташ болгон Казакстандын Масанчи айылында жашоо акырындап калыбына келе баштады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды. Башаламандык учурунда айылдан чыгып кеткен тургундар кайра кайтып келүүдө. Айрымдарынын турак жайлары талкалангандыктан, аларды убактылуу мечит менен бала бакча имараттарына жайгаштырышууда. Ал ортодо, айыл тургундары үчүн гуманитардык жардам чогултула баштады. Өлкө бийлиги өрттөнгөн үйлөрдү, жабыркагандардын документтерин кайра калыбына келтирип берүүнү убадалады. Ошондой эле, чыгымдарын да төлөп берерин айтышкан. Учурда абал турукташкан, анткен менен Масанчиде полиция кызматкерлери, аскерлер күзөттө.

“Эми ал күндөрдү унутушубуз керек. Биз силерди таштап койбойбуз, коопсуздугуңарды камсыз кылып беребиз. Үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп, мамлекет силерди коргойт", - деди Казакстандын Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев.