Жаңылыктар
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин экинчи отуруму өтөт
Экономика
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин экинчи отуруму өтөт

Эртең, 12-февралда Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи отуруму өтөт. Анда биринчи жыйында кабыл алынган чечимдердин натыйжасы мамлекеттик органдар менен ишкерлердин катышуусунда талкууга алынмакчы. 

Кезектеги жыйында да өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүнүн жолдору жана тармакты өргө тартууга тоскоолдук жаратып жаткан жагдайлар талкууга алынганы турат. Кошумчалай кетсек, Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитети Президенттин 2018-жылы кабыл алган Жарлыгына ылайык түзүлгөн.