Жаңылыктар
Бир топ ишканаларга киреше салыгы азайтылды
Экономика
Бир топ ишканаларга киреше салыгы азайтылды

Жеңил өнөр жай тармагында иштеп жаткан, 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылды. Маселен, мурда ар бир кызматкер социалдык төлөмдөргө орточо эсеп менен 1500 сом төлөп келген болсо, жаңы мыйзам боюнча орточо алганда 400 сомдон төлөшөт. 

Мындай жеңилдик, тармактын алдыга жылуусуна өбөлгө болуп, экспорттун көлөмүн арттырып, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарат дешет, адистер.