Жаңылыктар
Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү
Кылмыш
Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү

Жогорку Кеңеште кытай ишкери Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Жыйынга мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси, Башкы прокуратура өкүлү, Кытай менен иштешкен жеке ишкер чакырылган. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматында, учурда Кытай менен Кыргызстан мамлекеттеринин импорт жана экспорт процедураларында чоң айырмачылыктар жаралып жаткандыгы белгилүү болду. 

Эки өлкөнүн товарларын декларациялоодо да көйгөйлөр жаралган. Бул багытта Кытай менен ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында онлайн декларация тапшырууга жетишилгендиги айтылды. Айеркен Саймаити 5 жыл ичинде жубайы менен 932 миллион доллардан ашык каражатты Кыргызстандан чыгарып кеткендиги маалымдалды. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"