Жаңылыктар
Өткөн жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган
Экономика
Өткөн жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган

2019-жылы өлкөдө 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Миңге жакын жумушчу орун түзүлдү. Өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге  жогору. Бул жумуштар мурдагы жылдардагы иштердин жыйынтыгы  дешет адистер. Алдыда 2020-жылы 5 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып жатат. 

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинде инвестицияларды тартуу, экспортту өнүктүрүү жана региондордун инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмдөрү  иш жүргүзүп келүудө. Аталган ведомствонун директору Шумкарбек Адилбек уулунун билдирүүсүнө караганда, 2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылды. 65 миллион доллардын тегериндеги инвестиция тартылып, өздөштүрүлдү. Натыйжада миңге чукул жумуш оруну түзүлдү.

Гүлбүбү Сманбекова, "Биринчи радио"