Кыргызстандагы 400 мугалим көзүнө бекер операция жасатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул Билим берүү жана илим министрлиги менен жеке медициналык борбордун макулдашуусу менен ишке ашууда. Мындай демилге өткөн жылдын ноябрь айынан тарта ишке аша баштаган. Андан бери жүздөн ашык дарыгер текшерүүдөн өтүп, отузуна операция жасалган.
Жалал – Абад областына караштуу, Токтогул районунун Курама уулу Турусбек атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Нурайым Жумагулова бул жаңылыкты угуп, сүйүнгөнүн айтат. Себеби ал көз ооруларынын бири болгон катаракта түрү менен жабыркап келген. Ал тиешелүү жактарга кайрылып, документ чогулткан. Андан соң, көзүнө акысыз операция жасалып, учурда абалы жакшы экенин белгилеп, демилгелеген тараптарга ыраазычылыгын билдирди.
2019-жылдын октябрь айында республикадагы жалпы билим берүүчү мугалимдердин көзүнө акысыз операция жасоо боюнча долбоор башталган. Аны Билим берүү жана илим министрлиги жеке медициналык борбор менен биргеликте ишке ашырган. "Макулдашууга ылайык, өлкөдөгү ар бир мектептин педагогикалык кеңешинин чечими менен мектептердеги көзүн дарылатууга муктаж мугалимдерди бекер операция жасатууга жөнөтүү чечими бекитилген",- деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова.
Көз дарыгери Асизбек Эшмамбетовдун айтымында бул демилге ага мындан бир топ жыл мурун эле келген. Анткени буга чейин мугалимдердин көбү кайрылып, алардын айрымдарынын каражаты жетишсиз болуп калган учурлар да кездешкен. Ошол себептен билим берүү министрлиги менен макулдашып, мугалимдердин көзүнө бекер операция жасоо 2019-жылдын ноябрь айында башталганын айтат. Ал убакыттан бери республикадагы жүздөгөн мугалим кайрылып, алардын отуздан ашыгына операция жасалып бүттү дейт көз доктуру.
Негизинен мугалимдердин көбү көздүн “катаракта” деп аталаган түрү менен жабыркайт. Анткени алардын жумушу көзгө көбүрөөк таасир берүүчү болуп саналат дейт офтальмохирург Төлөгөн Асизбеков. Бул дарт көздүн чечекейин бозортуп, көбүнчө жаш курагы өтүп калган адамдарда пайда болот. Ошондуктан көз доктурга убагында кайрылуу зарыл. Бул дартты дарылоого мүмкүн болбой калгычакты жүрүү туура эмес деп эсептейт дарыгер.
Бүгүнкү күндө көзүнө акысыз операция жасатуу үчүн министрликке келген кайрылуулардын саны 300дөн ашып, алардын 30га жакынына операция жасалды. Түзүлгөн келишимге ылайык, 400 мугалим бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алат деди Билим берүү жана илим министрлигинен
Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”