Жаңылыктар
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи отуруму өтөт
Экономика
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи отуруму өтөт

Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи отуруму өтөт. Анда биринчи жыйында кабыл алынган чечимдердин натыйжасы мамлекеттик органдар менен ишкерлердин катышуусунда талкууга алынмакчы. Комитеттин алгачкы жыйынында айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө тоскоолдук жаратып жаткан жагдайларды чечүү максатында бир катар тапшырмалар берилген. 

Бул максатта мыйзам долбоорлору кабыл алынып, программалар иштелип чыкты. Ошону менен бирге комитеттин курамына кирген ишкерлер аймактарды кыдырып инвесторлор менен жолугушууларды өткөрүп келген. Кезектеги жыйында да өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн жолдору талкууга алынганы турат. Кошумчалай кетсек, Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитети Президенттин 2018-жылы кабыл алган Жарлыгына ылайык түзүлгөн.