Жаңылыктар
Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны көбөйдү
Туризм
Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны көбөйдү

Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу туризм тармагын өнүктүрүү маселесин караган өкмөттүк кеңешмеде айтылды. 

Түркия, Кытай, Германия, Индия, АКШ, Сауд Арабиясы, Япония, Польша жана Испаниядан былтыр 289 миңден ашуун адам келген. Алардын айрымдары гана иш сапар менен келиши мүмкүн. Көпчүлүгү негизинен эс алуучулар. 

Кеңешмеде тармакты өнүктүрүү, ага инвестиция тартуу маселелери талкууланды.