Жаңылыктар
Айыл өкмөт башчыларын эл шайлаганы оңбу?
Саясат
Айыл өкмөт башчыларын эл шайлаганы оңбу?

Айыл өкмөт башчыларын жалпы элдик шайлоо менен аныктоо демилгеси көтөрүлүүдө. Маселе Жогорку Кеңеште кызуу талкууланды. Мыйзам долбоорун колдогондор айыл өкмөт башчылары жергиликтүү кеңештин алдында гана эмес, элет элине отчеттуулугун камсыз кылуу зарылчылыгын белгилешет. Ал эми буга каршы чыккандар мындай ыкма менен шайлоо айыл элин экиге бөлүп коет деп кооптонушат.

Маселе парламенттин Бюджет жана каржы комитетинде талкууланды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кенжебек Бокоев айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо тууралуу жер-жерлерден көптөгөн кайрылуулар болуп жатканын белгилейт.

Депутат Бактыбек Райымкулов бул демилгени колдогон эл өкүлдөрүнүн катарында. Ал айыл өкмөт башчыларын тикелей шайлоого жол ачуу элеттин жетекчиси менен элдин ортосундагы ажырымды жоет деп ишенет. Бүгүнкү шартта болсо жергиликтүү кеңештин депутаттарына гана отчет берип, айыл тургундарынын кызыкчылыгы менен эсептешпей калышты деген пикирде.

Бирок, маселенин экинчи жагы да бар. Депутат Мурадыл Мадеминовдун баамында тикелей шайлоодо эл талапкердин тажрыйбасына, билим деңгээлине эмес, туугандык жакындыгына гана карап добуш берет. Андан да олуттуусу катары шайлоо аркылуу элдин экиге бөлүнүп калуу коркунучун айтат. Ошол себептүү мыйзам долбоорунун күңгөй-тескейин тиешелүү мекемелер талдап, жоопкерчиликти алышы керек деген пикирде.

Мыйзам долбоор кабыл алынып калса, айыл өкмөт башчыларын жалпы элет тургундарынын эрки менен аныктоо кезектеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар өткөрүлөт. Ага канча каражат сарпталаары азырынча белгисиз. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов чыгымдар көп болбойт деп боолголойт.  

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик элдин көпчүлүгү дал ушул сунушталып жаткандай тикелей шайлоону суранып жатышканын белгилейт. Мыйзам долбоорунун жактоочулары аны кабыл алуу менен шайлоо өнөктүгү айыл өкмөтүнүн имаратында эмес, талапкерлер көчөмө-көчө кыдырып, элге өз программаларын тааныштыруу менен жандуу өтөт деген ишеничте. Айыл өкмөт башчылыкка элет тургундарына убада берүү шайлануу да мыйзамдын артыкчылыгы дешүүдө. Бирок, терс жагы катары жогоруда айтылгандай уруучулукка бөлүнүү, талапкердин деңгээлине эмес, туугандык жакындыгына карап добуш берүү аталууда. Айыл өкмөт башчыларын тикелей шайлоо тажрыйбасы Кыргызстанда мурда колдонулган. Маалыматтарга караганда элеттин башчысынын ролун азайтып, аны акимге көз-каранды кылуу менен бийликти борборлоштуруу максатында андай ыкма менен тандоо жоюлуп калган. Мыйзамга ылайык айыл өкмөт башчысы болууну каалаган талапкер 3 жылдан кем эмес мамлекеттик-муниципалдык кызматтарда иштеген, кыргыз тилин билген жаран болушу керек. Жаңы мыйзамда өз программасын толук кандуу ишке ашырыш үчүн аларды беш жылга шайлоо каралууда. Ошондой эле добуш берүү өнөктүгүнө олуттуу мамиле кылсын деген максатта талапкердин 30 миң сом күрөөгө коеру да долбоордо камтылган.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”