Жаңылыктар
Өткөн жылы өлкөгө арбын инвестиция тартылды
Экономика
Өткөн жылы өлкөгө арбын инвестиция тартылды

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги 2019-жылы өлкөгө жалпы суммасы 65 млн доллар инвестиция тартты. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу билдирди. Анын айтымында, бул каражатка жети инвестициялык долбоор ишке ашырылган, миңге чукул жумуш орундары түзүлгөн. Бул көрсөткүч 2018-жылга караганда 3 эсеге көп. 

Долбоорлор экспортко багытталган ишканаларды да өзүнө камтыйт. Бул багытта коңшу жана алыскы, анын ичинен Россия, Кытай, Германия баштаган мамлекеттер менен алака түзүлгөн. Өлкөгө келген инвестицияларды аймактарга буруу аракети да көрүлдү, алардын жыйынтыгы алдыдагы жылдары чыгарыла баштайт.