Жаңылыктар
Январь айында Кыргызстандын экономикасы 1,8 %га өстү
Экономика
Январь айында Кыргызстандын экономикасы 1,8 %га өстү

2020-жылдын январь айынын жыйынтыгы менен республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшү былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 1,8 %га өскөн. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч боюнча өлкөдө текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече, булгаары жана андан жасалган буюмдар менен бут кийимдердин өндүрүшү өскөнүнөн кабар берет. Ошондой эле, тамак-аш азыктарын жана жыгачтан жасалган буюмдарды өндүрүү да көбөйгөн. 

Мындай өсүштөр айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жана курулуш тармагында да бар. Ал эми, ЕАЭБ өлкөлөрүнө текстиль, жашылча-жемиштер, сүт жана сүт азыктарын экспорттоодо өсүш байкалган.