Жаңылыктар
Венгриядан акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды
Билим
Венгриядан акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды

Венгриянын жогорку окуу жайлары акысыз билим алуу үчүн дагы бир сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Венгрия менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын ортосундагы макулдашуунун алкагында 2020-2021-окуу жылында акысыз билим алуу үчүн стипендиялык программага кабыл алуу башталды. 

Окуу англис тилдүүлөр үчүн жана магистратура программасы аркылуу билимин жогорулатуучуларга багытталган. Стипендиялык программа окууга жана билдирмени каттоого кеткен чыгашаны, негизги окуу китептерин жана окуу колдонмолорун, жаткана акысын, суткалык чыгымдарын, медициналык камсыздоону өзүнө камтыйт. Тандоо эки этап менен жүргүзүлөт.