Жаңылыктар
Бажыда ишкерлерди тейлөө жеңилдеди
Кыргызстан жаңылыктары
Бажыда ишкерлерди тейлөө жеңилдеди

«Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлдү. Бажы төлөмдөрүн онлайн тастыктоо системасы киргизилди. Натыйжада, төлөмдү тастыктоо зарылдыгы жокко чыгарылды. Буга чейин банк менен бажынын ортосунда ишкер 1-2 күн кетирчү, эми андай зарылдык жок», — деди Президент Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында. 

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жаткан 14 өткөрмө пунктунун негизги товар өтүп турган 9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тейлөө жайына онлайн-байкоо системасы киргизилди. Жалпысынан 506 видеокамера коюлду, анын ичинен 13 видеокамера «Түндүк» системасына кошулган. Каалаган жаран бажыдагы ишкерлерди тейлөө процессине интернет аркылуу байкоо жүргүзө алат. Алты өткөрүү пункттарында автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси ишке киргизилди.

Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүдө адам факторун жоюу максатында санарип технологиялар киргизилүүдө. Электрондук төлөмдөр жана мобилдик банкинг системалары иштей баштады. 

Электрондук патент, электрондук эсеп-фактуралары жана электрондук салык отчеттулугу боюнча долбоорлор иштей баштады. Былтыр 191 мамлекеттик кызмат жана сервис электрондук форматка өтүп, бардык мамлекеттик органдар „Түндүк“ системасына кошулду. Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, ыктыярдуу негизде электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди. Айрым товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн лицензия берүүнү автоматташтыруу аяктады.