Жаңылыктар
Президент Башкы прокуратурадан бизнести негизсиз текшерүүгө жол бербөөнү талап кылды
Экономика
Президент Башкы прокуратурадан бизнести негизсиз текшерүүгө жол бербөөнү талап кылды

Укук коргоо жана сот органдары менен бизнестин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн реформаларды ишке ашыруу абзел. Бул максатта мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү ал эми сот системасында каралып жаткан инвестициялык чыр-чатактарды жөнгө салуу чараларды жакшыртуу зарыл. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Мындан улам өлкө башчы Башкы прокуратурадан бизнести негизсиз текшерүүгө жол бербөөнү талап кылды. Ошол эле учурда Президент көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкер чөйрөгө мыйзамдардын талабын сактоо менен иштөөгө чакырды.

Бул Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйыны. Мында комитеттин курамында өзгөрүүлөр бар. Жаңы дайындалган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев төраганын орун басары болуп бекитилди. Бизнес-Акыйкатчы институту түптөлгөнүнө байланыштуу анын жетекчиси Робин Орд Смит комитеттин мүчөлүгүн толуктаса, Сергей Пономарев анын орун басары болуп шайланганына байланыштуу мүчөлүктөн чыгарылды. Ишкер биримдиктердеги өзгөрүүлөргө байлыныштуу алмашкан да мүчөлөр бар.

Мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирген аянтчада ишкердикти өнүктүрүүдө тоскоолдук жараткан маселелер кезектеги жолу талкууга салынды. Мында бизнестин кендирин кескен маселе укук коргоо жана фискалдык органдардын негизгиз текшерүүлөрү болду. Ийри отуруп түз кеңешкиче Президент ишкердикти колдоо боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду. Өлкөнүн экономикасын чыңдоонун аракетинде акыркы убакта көлөмдүү иштер жасалды. Иштейм деген ички жана тышкы инвесторлорго шарттар барган сайын жакшырууда. Өзгөчө аймактарды өнүктүрүү жылында элетте бизнес түптөгөндөр, өнөр жай, кайра иштетүү ишканаларын ачкандар жеңилдиктерге ээ болду - деди Өлкө башчы.

Тилекке каршы иштин баары жипке тизгендей кеткен жок. Президент мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге карабай аймактарда инвестиция тартуу солгун экенин белгиледи. Ишкерлердин укук коргоо жана фискалдык органдардын негизгиз текшерүүлөрүнө байланыштуу даттануулары көбөйгөнүн айткан Сооронбай Жээнбеков коррупцияны шылтоо кылып, укук коргоо органдары кээде аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратып жатканына нааразычылыгын билдирди.

Мындан улам Президент жергиликтүү бийликтин инвестицияны тартууга кызыкдар болбогонуна нааразы болду. Анын кесепетинен үзгүлтүккө учураган инвестициялык долбоорлор бар. Бюрократиялык тоскоолдуктардын бизнес менен ишкердик жүргүзүүгө зыяны тийип жатат.