Жаңылыктар
Айыл чарба азыктарын экспорттодо эл аралык норманын талаптары аткарылышы керек
Айыл чарба
Айыл чарба азыктарын экспорттодо эл аралык норманын талаптары аткарылышы керек

Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын экспорттогон ишкерлер чет өлкөгө чыкканда эл аралык норманын талаптарын эске алып, ашыкча жүк алып чыкпашы керек. Антпесе жолдо текшерүү күчөп, жок жерден түйшүк жаралат. Өсүмдүккө байланышкан продукцияларды экспортко алып чыкканда берилүүчү фитосанитардык сертификаттын наркы канча сом турат жана сапарга аттанып жаткан ишкерлер эмнени эске алышы керек?

Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы. Өсүмдүк аттууга байланышкан продукциянын бардыгы тышка экспортко жөнөтүлө турган болсо ушул жерге келип, атайын фитосанитардык сертификат алып кетиши керек. Ансыз жол жок. Кореяда бизде компания бар. Кореяда негизи мыянын тамырын дары катары кабыл алып баалашат экен. Бизге суроо келди ошол образец алып жөнөткүлө деген. Анан мынабу жактан үлгүсүң алып жөнөткөнү келдим.

Мыянын тамырын адистер кылдат карап чыгып оорунун шектүү белгилери байкалбаса 2-3 саат аралыгында эле текшерип, тастыктамасын камдап беришет. Негизи лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы продукция таза болсо жарым күн аралыгында чыгарылат. Эгерде шектүү нерсе байкалса 3 күнгө чейинки мөөнөттө текшерилет. Экспортко жүк жөнөтчү адам унаасын ушул жерге айдап келип, же адистерди продукция сакталган жерге алып барып текшертсе да болот. Биринчи ошол жүктөп аткан адам бизге кайрылат. Биз анан барабыз дагы пияз же капуста болобу образецтерди тандап алып заявка катары киргизебиз. Анан лабораториядан текшерилет дагы ошонун жыйынтыгы менен сертификат жазылып ебрилет.

Бирок Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспортко алып чыккан адам мыйзамды сыйлап, ашыкча жүк алып чыкпашы керек. Анткени фитосанитардык сертификатта жүк ташып бара жаткан унаа жана ал ташыган жүк тууралуу маалыматтар ар бир киллограммына чейин так жазылат.

Фитосанитардык сертификаттын баасы эгерде жүк эки тоннага чейин болсо 200 сом, андан ашык болсо 492 сом турат. Адистер белгилеп кеткендей тышка ташылып бара жаткан жүктүн көлөмү эл аралык талаптарга ылайык азыр 22 тоннадан ашпайт.