Китеп окуу өмүрдү 2 жылга узартат. Бул чет элдик окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы. Китеп окуу эске сактоо жөндөмүн жакшыртып, чүнчүп кетүү менен күрөшүүнүн жакшы ыкмасы болуп саналат. «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негизинде "Китеп тайм" интеллектуалдык оюнунун алгачкы туру болду.
19 жаштагы Бексултан азыркы убакта Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин 2-курсунун студенти. Ал китеп окууга ынтызар. Ошондуктан текчесинде ар дайым жаңы басмадан чыккан китептер үзүлбөйт. Китеп окуунун артында терең билим, ой чабытынын кенендиги болорун айтат. Бул сапар дагы ал таймашта берилген бир жарым сааттын ичинде бардык суроолорго жооп бергенге үлгүрдү.
Таймаш Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу жана драматург Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” романы боюнча түзүлгөн суроолордун негизинде өткөрүлдү. Аталган китептин мазмуну 37-жылдагы репрессиянын курмандыктарынын таржымалына байланыштуу.
Китеп олимпиадасынын биринчи тандоо туруна миңден ашык китеп сүйүүчүлөр келип, билимин сынашты. Акыл мелдеши 2 турдан турат. Финалдык оюнга 75 катышуучу калат. Алар тайпаларга бөлүнүп, сынак улантылып, жеңүүчү аныкталат. Байге фонду 100 миң сом.