Жаңылыктар
Кыз-келиндерди илим чөйрөсүнө тартуу аракети жүрүүдө
Билим
Кыз-келиндерди илим чөйрөсүнө тартуу аракети жүрүүдө

Кыргыз Өкмөтү жаңы муундагы окумуштуу кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү максатында, жаш ойлоп табуучу жана өзгөчө техника жаатында олуттуу ачылыш жасаган илимий долбоорлорду колдоого алуу маселесин кароодо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова билдирди. 

Анын айтымында жыл сайын илимдеги кыз-келиндердин эл аралык күнүнө карата: конкурс, көргөзмө уюштуруу аркылуу илимдеги жаңы ысымдарды аныктап сыйлоо, илимий табылганын артыкчылыгын баалоо сыяктуу иш-чаралар салтка айланат.     

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"