Жаңылыктар
Нью-Делиде «Жамийла» повестинин негизинде спектакль көрсөтүлдү
Маданият
Нью-Делиде «Жамийла» повестинин негизинде спектакль көрсөтүлдү

21-Эл аралык театр фестивалынын алкагында Нью-Делиде Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде спектакль көрсөтүлдү. Аны Калькутта шаарынын театралдык тобу даярдап, сахнага алып чыгыкты. 

Белгилей кетсек, фестивалдын көшөгөсүн «Жамийла» спектакли ачып берди. 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду тааныбаган инсан жоктур. Анын чыгармаларын бир гана кыргыз эли эмес, бүткүл дүйнө жүзү окуп, баалап келет. Жазуучунун шедеврлары дүйнөнүн 174 тилине которулуп, жалпы нускасы 80 миллион даанада басылып чыккан. Алардын катарындагы Индия эли да Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын баалап, окуп келишет.

Нурайым Жалилова, "Биринчи радио"