Жаңылыктар
Кыргызстан -Япония: “Yokogawа” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү
Экономика
Кыргызстан -Япония: “Yokogawа” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчилиги, өндүрүштү автоматташтыруу боюнча программалык камсыздоолорду иштеп чыгаруучу Япониянын “Yokogawа” компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Анда тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашып, ошондой эле жабдууларды модернизациялоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетика объектилерин башкаруу боюнча өндүрүш процессине заманбап технологияларды киргизүү тууралуу пикир алышты.

“Буга чейин да бир топ жолугушууларды өткөргөнбүз. Бул ирээт тил табышып калсак, Бишкек жылуулук жана Ош жылуулук борборлорунун бир топ жаңырта турган тараптарын ишке ашырууга мүмкүн болот. ”,- деди "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров.