Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду
Саясат
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын жетектей баштаганына бир жыл боло элек болчу. Ал 2019-жылдын апрель айында кызматтын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан кеткенден кийин дайындалган.