Жаңылыктар
Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуу мөөнөтү аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуу мөөнөтү аяктайт

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуу мөөнөтү аягына чыгарына эки күн калды. Андан кийин айдоочуларга айып салына баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, убактылуу күбөлүктөрдү 49 миң 319 айдоочу алган. Алардын ичинен 30 миң 676 киши документти алмаштырган. Азыр айдоочулардын колунда 18 миң 643 күбөлүк бар. Эске салсак, быйыл июль айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүрүшкөн. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуусу берилип келген. 

Башында убактылуу айдоочулук күбөлүк 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп саналып, бирок жарандардын өтүнүчү менен 15-февралга чейин узартылган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, 15-февралдан тарта документти алмашпагандар Жазык кодексине ылайык, "транспорт каражатын документсиз айдап жүргөн" деп айыпталат. Айып пулдун өлчөмү 1 миң сом, мындан тышкары унаа айып короого киргизилет. Аны кайтарып алуу үчүн айдоочу жаңы айдоочулук күбөлүгүн жана башка документтерди көрсөтүшү керек. Убактылуу айдоочулук күбөлүктү жаңысына "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнөн алмаштырса болот.