Жаңылыктар
“Экспорт кербени. Аймактарды өнүктүрүү” аталышында өнөктүк болот
Экономика
“Экспорт кербени. Аймактарды өнүктүрүү” аталышында өнөктүк болот

18-февралдан 3-мартка чейин “Экспорт кербени. Аймактарды өнүктүрүү” аталышында өнөктүк болот. Анда жер-жерлердеги ишкерлерге продукция өндүрүү жана аны өлкөдөн сырткары экспорттоо, инвестиция тартуу багытында кеңеш берилет. Өнөктүккө Экономика, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрликтеринин, Соода-өнөр жай палатасынын, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлдөрү катышат.

“Жер-жерлердеги ишкерлерибиз ЕАЭБдин талаптары, товарды экспортко алып чыгуунун жол-жоболору тууралуу билбей калган учурлары бар. Ошондуктан биз дал ушул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кеңеш беребиз. Ошондой эле чет элдик адистерди тартууда каякка кайрылыш керек экенин жана башка жагдайлар боюнча пикир алышабыз",- деди Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин Экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов.