Жаңылыктар
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев бүгүн 81 жашка чыкмак
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев бүгүн 81 жашка чыкмак

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, мыкты кинорежиссёр, жазуучу Дооронбек Садырбаев тирүү болгондо бүгүн 81 жашка чыкмак. Улуу таланттын жаркын элесин үй-бүлөсү, бир туугандары жана эли эскерди. Ал эми мамлекеттик деңгээлде ушул жылдын күз айларында атайын иш-чара уюштурулат. 



Туура он бир жыл мурда белгилүү мамлекеттик, саясий ишмер, жазуучу, таланттуу кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаев өзү сүйгөн кыргыз жерин, кадырлуу элин муңга салып кайтпас сапарга аттанган. Улуу инсанды бир туугандары, өмүрлүк жары жана эли ар убак эскерип келет. Эгер тирүү болгондо 81 жашка чыкмак эле деп улутунат өмүрлүк жары Сонунбүбү Көлбаева. Ал сүйуктуу жолдошу менен өткөргөн бактылуу күндөрүн эч унутпайт.

Калыстыгы, кесипкөйлүгү жана таза иштегендиги менен айырмаланган агасын баалап, эскерип жаткан элине ыраазы. Мекенчил,таланттуу инсан бааланып, быйыл мамлекеттик деңгээлде эскерилет.


Дооронбек Садырбаев - улуттун феномени. Ал сүрөткер жана эли үчүн тайманбай күрөшкөн күйүмдүү саясатчы болгон дейт замандаштары.
Калың журту аны мыкты тасмаларды тарткан тажрыйбалуу, чебер кинорежиссёр катары да баалайт. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн кино дүйнөсүнө арнап, "Кыргызтелефильм" киностудиясында режиссер, сценарист катары эмгектенген. Бул аралыкта 70тен ашык даректүү тасма жарата алган. Ошондой эле "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм тасманы көрөрмандарына тартуулаган.