Жаңылыктар
Россия менен Кыргызстандын хирургдары боорго уникалдуу операция жасашты
Ден соолук
Россия менен Кыргызстандын хирургдары  боорго уникалдуу операция жасашты

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак мамилелер жылынын алкагында “Хирургиядагы кыйынчылыктар менен катачылыктар” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. 


Ага Россия менен Кыргызстандык хирург-дарыгерлери катышууда. Конференциянын алкагында Улуттук госпиталдын Иса Ахунбаев атындагы клиникасында россиялык хирург, медицина илимдеринин доктору Владимир Загайнов менен кыргызстандык профессор Бахадыр Бебезов биргелешип боорго уникалдуу операция жасашты. 

Операция столундагы мекендешибиз болгону 23 жаштагы кыз. Хирургдар альвеококкоз оорусун жуктуруп алган бейтаптын боорунун жарымын алып салууга аргасыз. Себеби, бул илдет менен ооруган адамдарды айыктыруунун бир гана жолу бар. Боордун жабыркаган бөлүгүн алып таштоо, өөрчүп кеткен шартта органды алмаштыруу.

Альвеококкоз оорусу менен жабыркагандардын саны боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен алдыңкы сапта. Бул илдетке чалдыккандарга жылына бир эле бөлүмдө 500дөн ашуун операция жасалат экен. Ал эми өөрчүп кеткендер боорун алмаштыруу үчүн Индия, Түркия мамлекеттерине барууга аргасыз. Профессор Владимир Загайнов кыргызстандык хирургдардын билими, тажрыйбасы боор алмаштырууга толук жетиштүү экенин, болгону керектүү жабдыктар менен камсыздап, материалдык техникалык базаны чыңдоонун зарылдыгын айтат.

Орусиядан келген дарыгерлер Улуттук госпиталдын жана улуттук онкологиялык борборунун базасында дагы 3 операция жасайт. Алардын бардыгы бекер, эч кандай төлөмдөрсүз ишке ашат.

Кыргыз-орус славян университети, Улуттук госпиталь, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Жогорку медициналык мектеп биргелешип уюштурган иш-чарага Россия мамлекетинин алдыңкы ооруканаларынын мыкты деген 40 дарыгери келген. Алардын курамында белгилүү хирургдар жана анестезиологдор бар.