Жаңылыктар
Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди
УТРК жаңылыктары
 Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди

Коомдук каналдын башкы директорунун радиоберүүлөр боюнча мурдагы орун басары, белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди. 

Тиешелүү токтомго өзгөртүүну Жогорку Кеңеш 12-февралда киргизди. Шайырбек Абдырахман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. 

Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Ошондон бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеген.