Жаңылыктар
Сириянын парламенти армяндар кабылган кыргынды геноцид деп тааныды
Дүйнө
Сириянын парламенти армяндар кабылган кыргынды геноцид деп тааныды

Сириянын парламенти Осмон империясынын учурунда армяндар кабылган кыргынды геноцид деп таануу тууралуу резолюция кабыл алды.

Бул чечим Анкара менен Дамасктын ортосундагы мамиле кескин начарлаган учурга туш келди. Акыркы күндөрү Идлиб провинциясында сирия жана түрк аскерлеринин ортосунда бир нече жолу куралдуу кагылышуулар болгон.

Шаршемби күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусияны Идлиб провинциясындагы карапайым тургундарга кол салууга айыптаган. Мындан тышкары ал Сирия президенти Башар Асаддын күчтөрү түрк аскерлерине чабуул жасаса, катаал жооп болорун эскерткен.

Акыркы күндөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясындагы куралдуу оппозицияга жасаган чабуулдардан көзөмөл бекеттерде турган ондон ашык түрк аскери курман болгон. Жооп катары Түркия да соккуларды жасап, ондогон сириялык аскер өлгөнү кабарланууда.

Бейшемби күнү Түркиянын Коргоо министрлиги Идлибдеги түрк аскерлери элдешүү режимин күч менен камсыз кыларын, аны бузгандарды жазалай турганын билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Асаддын аскерлери Идлибде Москванын колдооосу менен террордук топторго каршы күрөшүп жатканын, алардын аракети Түркия менен түзүлгөн макулдашууну бузбай турганын билдирүүдө.

Акыркы жумаларда Сириянын өкмөттүк күчтөрү буга чейин оппозиция кармап турган жерлердин үчтөн бирине жакынын өз көзөмөлүнө алды. Укук коргоочулар менен жергиликтүү тургундардын айтымында, бомбалоо жана ок атуу маалында ондогон жай тургун өлдү. БУУнун маалыматына караганда, акыркы айларда 800 миңден ашык адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болду.