Жаңылыктар
Каттоого байланыштуу БШК мүчөлөрү Жогорку Кеңешке чакырылат
Саясат
Каттоого байланыштуу БШК мүчөлөрү Жогорку Кеңешке чакырылат

Жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү Жогорку Кеңешке чакырылат.

Депутаттар Кенжебек Бокоев жана Жанарбек Акаев 13-февралда ушундай демилге көтөрүп, ал колдоо тапты.

Жанарбек Акаев шайлоого чейин алты ай аралыгында каттоого тургандарды добуш берүүгө катыштырбоо маселесин карап чыгууну сунуш кылды.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Ушул күндөрү Ош, Каракол, Токмок шаарларына миңдеген жарандар убактылуу каттоого туруп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген.

БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын куруу боюнча демилге көтөргөн.