Жаңылыктар
Германияда 194 миң долларлык фортепианону сындырып алышты
Дүйнө
Германияда 194 миң долларлык фортепианону сындырып алышты

Япониянын тургуну дүйнө жүзүндөгү эң кары адам катары "Гиннесстин рекорддор" китебине кирди.

Германияда жүк ташуучулар 194 миң долларлык фортепианону сындырып алышты.

Казакстандын  биринчи президентинин небереси Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан башпаанек сурады.


Япониянын тургуну дүйнө жүзүндөгү эң кары адам катары "Гиннесстин рекорддор" китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.Маалыматка ылайык, Титэцу Ватанабэ учурда 112 жашта. Ал 1907-жылы 5-мартта дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 20 жашында Тайванга барып 18 жыл жашаган. Кийин мекени болгон Японияга кайтып келген. Учурда Ватанабэ карылар үйүндө жашайт, ага дүйнөдөгү эң кары адам экенин тастыктаган күбөлүк тапшырылды.Буга чейин дүйнөдөгү эң кары адам катары ушул эле Япониянын тургуну Масадзо Нонака эсептелип келген. Ал 2019-жылдын 20-январында 113 жашында каза болгон.


Германияда жүк ташуучулар канадалык пианисттин дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу 194 миң долларлык фортепианосун сындырып алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Белгилүү пианист Анжела Хьюитт Берлинде Бетховендин чыгармаларынын жаңы вариациясын жаздырып жүргөн чакта кымбат баалуу фортепианосунан кол жууду.

"Менин Берлинде жаздырган музыкам көңүлдөгүдөй чыгып, продюсерим менен бактылуу болуп отурсак жүк ташуучулар кымбат баалуу фортепианомду кулатып алышканын  айтышты", - деп Хьюитт социалдык баракчасына жазып чыккан.

Эске салсак, Анжела 2003-жылдан бери Лондондо жашап, концерттик программаларын аталган инструментте гана ойноп келген. F278 Fazioli үлгүсүндөгү фортепиано дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу концерттик инструмент деп эсептелинип, 194 миң долларга бааланган. Fazioli компаниясы колго жасалган инструменттин абалын текшерип чыгып, кайра оңдоп чыгууга жарабай калганын билдиришкен.


Кытайдагы “Формула-1” этабы коронавируска карата жылдырылды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулар билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазды. Маалыматка караганда, авто жарышы 17-апрелден 19уна чейин өтмөк. Ал эми жаңыланган дата тууралуу маалымат таратыла элек. Кытайда вируска кабылгандардын саны 48 миңден ашты,1 миңден көбү каза тапса, 5 миң адам илдеттен айыгып чыккан.


Казакстандын биринчи президентинин небереси Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан башпаанек сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. «Мен Улуу Британиядан саясий башпаанек сурадым. Акыркы 5 жыл мен үчүн боз түскө боелгондой. Эл чындыгында эмне болгонун билүүсү керек, - деп жазды Айсултан социалдык түйүндөгү баракчасына.Айсултан Назарбаев үй-бүлөөсүндөгү оор кырдаалдар тууралуу Фейсбук социалдык түйүнүнө бөлүшүп жазган:

Бул жолу мени кармап, психотропртук заттарды сайышты. Андан соң дарылансын деген  шылтоо менен абакка жиберишти. Ал жерде 14 ай болдум.Менин укуктарым тебеленди.  А Нурсултан Назарбаев мени өч алууну каалап жаткан апамдын колуна берди.  Россиянын Орел шаарындагы абакта мыйзамсыз 12 ай жаттым. Андан соң менин апам  келип, дагы деле баш ийбей турганымды көрүп турганын айткан.Жыйынтыгында мен  абакта калдым, ал кетти. Ал мен ага баш иймейинче абакта каларымды билдирген. Жек  көрүү сезими, өч алуу үчүн 14 ай чыдадым. Алнуру Мусаева, россиялык атайын  кызматтагылар ал жерден мени чыгарышты.Жада калса убагында мен жардам берип  жүргөн кайын атам Кайрат Боранбаев кетип калды. Алматыга келгенде Нурсултан  Назарбаев менен мамилемди кайра апам бузду деген Айсултан Назарбаев

Айсултанга 2019-жылдын октябрь айында Лондондогу полиция кызматына кол салганы үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган. Соттун чечими боюнча баңгизатка көз карандылыктан дарыланууну улантуу, коомдук жумуш жана айып салынган. Ал баңгизаттын таасири астында полицияларга каршылык көрсөтүп, бирин чаап, тиштеп алганы үчүн айыпталган.Айсултан Назарбаев — Казакстандын экс-президентинин уулу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу. Ал Сандхерстеги аскердик академиясын аяктап, Казакстандын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын башкы штабына кабыл алынган. 2017-жылы ал Казакстандын футбол федерациясында эмгектенген.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”