Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылдын ачылыш күнү белгиленди
Саясат
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылдын ачылыш күнү белгиленди

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышы 27-февралга белгиленди. 

Бул туурасында Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Иш-чараны эки өлкөнүн президенттери ачат. Ал Москванын Кремль сарайында башталат. Мамлекеттердин өз ара кызматташтык мамилелеринин жылынын алкагында бир катар экономикалык иш-чаралар мерчемделген. 

Алардын катарында Екатеринбург жана Петербург шаарларында ишкерлердин катышуусу менен өтүүчү аймактар аралык экономикалык форум бар. Өзгөчө орун Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого берилет. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн эриш-аркак жылын өткөрүү тууралуу чечим 2019-жылы Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында кабыл алынган. Өлкөлөр бул жылдын алкагында 200дөн ашык иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо.