Быйыл Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги фермерлерге сырьё катары колдонулуучу түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Эркинбек Чодуев маалымат каражаттарына билдирди.
Ал белгилегендей, пахта, төө бурчак, кант кызылчасы, жүгөрү, соя жана жасмык сепкиле деп сунушталып жатат. Мындан тышкары, ал картошка мурдагыдан азыраак эгилерин кошумчалады. Мисалы, 2018-жылы дыйкандар 84 миң гектарга картошка айдашкан.
Ал эми былтыр 79 миң гектар болсо, 2020-жылы бул дагы сегиз миң гектарга кыскартылды. Белгилей кетсек, мурдагы жылы министрлик дыйкандарга коңшу өлкө менен келишим түзүлгөнүн айтып, картошка өстүрүүнү сунуштаган. Бирок кийин тонналаган картошка жарытылуу баа болбой, дыйкандар чыгымга учураган.