Жаңылыктар
Кыргыз-кытай кызматташтыгы кеңейүүдө
Экономика
Кыргыз-кытай кызматташтыгы кеңейүүдө

Кыргызстан коңшу Кытай мамлекети менен өнөр-жай, энергетика тармагында гана эмес, айыл-чарба жаатында да кызматташтыкты кеңейтсе болот. Кытай буга жолтоо боло турган бардык кыйынчылыктарды чечүүгө даяр. Мына ушул маселелер Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга жасаган иш-сапарында талкууланды. Ал эми коңшулар менен болгон алакада биздин өлкө кандай сунуштар менен чыгышы керек?

Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Бишкекке иш-сапары менен 22-майда келди. Президент Алмазбек Атамбаев бул сапардын эки өлкөгө тен мааниси чоң экенин белгилеп, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, коңшу мамлекеттердин мындан аркы алакасы, стратегиялык багыттар боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун башында өлкө башчы Кытайдын башкы дипломатын “Данакер” ордени менен сыйлады. Бул сыйлык Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана “Датка-Кемин” электр линиясынын ишке киргенине кошкон салымы үчүн экенин айтып, ыраазычылыгын жалпы кыргызстандыктардын атынан билдирди.


Ван И жогорку деңгээлдеги сыйлыкты Президент жеке өзү тапшырганына ыраазы болуп, эки өлкө ниети таза чыныгы коңшулар жана жакшы достордон деди. Ал 2013-жылы мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгуу чечими кабыл алынганын, эми кызматташтыктын жаңы стадиясы башталганын билдирди. Буга чейинки ири долбоорлорду эске салсак, Кыргызстандын энергетикалык көз карандылыгын жойгон Датка-Кемин долбоору былтыр аяктап ишке берилген. Буга Кытайдын экспорт-импорттук банкы 389 миллион доллар жеңилдетилген насыя түрүндө бөлгөн. Түндүк-түштүк алтернативдик жолу. Анын жалпы узундугу 460 чакырым. Курулушка Кытай өкмөтү жана экспорт-импорттук банкы жалпы 700 миллион доллар каражатын жеңилдетилген насыя катары берди. Мындан сырткары Кыргызстан менен Кытайдын мамлекет башчылары кол койгон келишимге ылайык, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жүрүп жатат. Бул долбоор 386 миллион доллар деп эсептелген. Оңдоп-түзөө иштеринен кийин Бишкек ТЭЦи мурдагыдай 300 эмес, 600 квт/саат электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот.
Ал эми эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда алдыдагы пландарды ишке ашыруу жолдору талкууланды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстан жакынкы убакта өнөр-жай, өндүрүшкө багытталган 40 долбоор Кытай тарапка берилерин билдирди. Мындан сырткары Кыргызстандан айыл-чарба продукцияларын коңшу өлкөгө экспорттоого жол ачылып жатканына токтолду.
Эрлан Абдылдаев, КРнын Тышкы иштер министри:
"Кытай Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларына өзүнүн базарын ачууга даяр. Бирок, биздин товарлар коңшу өлкөнүн койгон талаптарына, ал өлкөнүн стандарттарына жооп бериши керек. Кытай тарап азыр жаралган жана кийин пайда болчу тоскоолдуктардын бардыгын жоюуга даяр. Андыктан бүгүн көтөрүлгөн демилгелер биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк, муну биз жакшылап пайдаланышыбыз керек". 
Кытай тышкы иштер министри эки өлкөнүн кызматташуусуна тоскоол боло турган эч бир жагдай жок экенин билдирди. Экономисттер тоо-кен, соода-сатык, курулуш бизнеси сыяктуу бардык тармактарда кызматташуу өз нугунда дешет. Азыр көп фермерди айыл-чарба боюнча алака кызыктырып жатат.
 Мындан сырткары келечекте “Бир алкактагы бир жол” долбоору ишке ашканы турат. Буга Кыргызстандын активдүү катышары башынан эле айтылган. Анын алкагында темир жолун куруу, газ куурларын өткөрүү сыяктуу ири долбоорлор камтылган.