Жаңылыктар
Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү эртең аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү эртең аяктайт

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү 15-февралда аяктайт. 

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы эскертип, ар кандай кыйынчылыктарга кабылбоо үчүн белгиленген мөөнөткө чейин алмаштырууну сунуштады. 2019-жылдын июль айынан 31-декабрга чейин берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктөр 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылган болчу. 

Күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынып жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, убактылуу күбөлүктөрдү 49 миң 319 айдоочу алган. Алардын ичинен 30 миң 676 киши документти алмаштырган. Азыр айдоочулардын колунда 18 миң 643 убактылуу күбөлүк бар.