Жаңылыктар
Өлкөнүн түштүк облустарында талаачылык иштери башталды
Аймак
Өлкөнүн түштүк облустарында талаачылык иштери башталды

 Аба ырайы жылуу болсо, бир айда Чүй облусунун дыйкандары да жазгы жумуштарга киришет. Быйыл жер иштетүүчүлөр тоют аянтын көбөйтүүгө камынып турушат. Азырынча Сары-Өзөндө аба ырайы жазгы талаа иштерине киришүүгө жол бербей турат. 

Анткен менен айыл чарба азыктарын өстүрүүчүлөрдү эмне эгебиз деген суроо ойлондурбай койбойт. Сары-Жон айылындагы дыйкан чарбанын жетекчиси Эстебес Кеңешбек уулу тоют азыктарын, буудай, арпа, жүгөрү жана көп жылдык чөп өстүрүүнү максат кылууда.