Жаңылыктар
Нарында жаңы мектеп эшигин ачты
Билим
Нарында жаңы мектеп эшигин ачты

Нарындын Ак-Талаа районунун Баетов айылында жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. 2 кабаттуу, 275 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесине 66 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. 

Айдай менен Айдананы биз жаңы мектепте уюшулган кичинекей тигүү цехинде жолуктурдук. Чакан бөлмө тигүүчүлүк ыкманы үйрөтүүгө жасалгаланган. Окуучу кыздар үчүн жаңы үлгүдөгү шарттардын түзүлүшү, алардын келечегине чоң таасир берет дейт.