Жаңылыктар
Балыкчыда суу тутумдары иретке келтирилди
Аймак
Балыкчыда суу тутумдары иретке келтирилди

Балыкчы шаарынын ичин бойлой өткөн таза суу түтүктөрү жаңыланат. Бул максатта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5 млн. 200 миң евро бөлдү. Ошондой эле, саркынды суу түтүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. 

Балыкчы шаарынын ичиндеги таза суу түтүктөрү 60-жылдары салынган. Адистердин билдирүүсүндө суу түтүктөрү учурунда жыйырма беш, отуз миң жашоочуга гана эсептелинген дешет. Мындан улам таза суу менен камсыздоо иштери жылдан жылга оорлоп баратат. Жакында суу чарба ишканасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосуна ээ болуп 5 млн 200 миң евро бөлүндү.