Жаңылыктар
Мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылууда
Билим
Мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылууда

Мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Электрондук бухгалтерия эмгек акыны кол менен эсептөөнү жоюп, каржылык мыйзам бузууларды азайтат деп күтүлүүдө. 

Соңку беш айдан бери мугалимдер 30 пайызга жогорулатылган маяна алып жатышат. Мындан сырткары аттестациядан өткөн мугалимдердин эмгек акысы жыл башында дагы жогорулатылган.