Жаңылыктар
Жетекчилерге сөгүш берилди
Саясат
Жетекчилерге сөгүш берилди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго сөгүш жарыялады. Кадыркуловду бүгүн өкмөт башчы кабыл алып, фонддун ишмердүүлүгүнө тийиштүү Өкмөттүн буйруктарын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат алды. 

Премьер фонддун сапатсыз ишин, Өкмөттүн бир катар буйруктары аткарылбай жаткандыгын белгилеп, ыкчам чечимдерди талап кылган милдеттерди койду. Өзгөчө көңүл мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо маселесине бурулду. 

Ошондой эле мамлекеттик менчикти ижарага берүү иши да сынга алынды. Сооронбай Жээнбековдун дагы бир буйругу менен Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинини башчысы Жаныбек Дербишалиевге дагы сөгүш берилди.