Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин үч депутатын мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Алар “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев жана “Кыргызстан” фракциясынан депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова.
Маселени кароодо жалгыз Жоомарт Сапарбаевдин мандатын ажыратуу маселеси талкуусуз кабыл алынды.
Жыйынга келген “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова депутаттык мандат тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазбаганын айтышты. Ошол эле учурда “Кыргызстан” фракциясынын арызы менен депутат Урмат Ишенбековду мандатынан ажыратуу маселесин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кийинкиге калтырды.
Себеби Урмат Ишенбеков мандатты өз каалоосу менен тапшыруу арызын жазбаганын жана фракция жыйынына катышпаганын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү чечим фракциянын арызынын негизинде кабыл алынганын белгилешти.