Жаңылыктар
Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушу
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушу

Быйыл Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун 35 чакырымы бүткөрүлөт. Бул тууралуу жол курулушун жүргүзүп жаткан Лонг-Хай ишканасы билдирүүдө. 

Белгилей кетсек бул айтылган 35 чакырым - Тамчы эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарынын кире беришине чейинки жана ат майданына баруучу аралыкты камтыйт. Жол курулушунан транспорт министри жана президенттин кеңешчиси кабар алды. 

Адистердин айтымында курулуш жүргүзүп жаткан ишкана өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражаттын 278 миллион сомун алып, жакынкы аралыкта жаңы асфальт төшөө иштерин жүргүзүп баштайт. 

Азыркы тапта жол курулушу эски асфальттын эки жак капталын үч метрден чоюп кеңейтип, аны түздөө менен алектенүүдө. Себеби асфальт чыгаруучу завод жаңы гана куралып бүттү.