Жаңылыктар
Ооган согушунун курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ооган согушунун курмандыктары эскерилди

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына арналган “Эскерип турган кезде, биз тирүүбүз” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү. Анын алкагында ардагерлер Ооган согушунун курмандыктарын эскерүү аллеясына салтка айланган көчөттөрдү отургузуу жөрөлгөсүн жүргүзүштү. 

Дээрлик жарым кылым Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде эмгектенген беш ардагер Ооган жергесиндеги согушка катышышкан.