Жаңылыктар
Петров көлүнө чөгүп кеткен Кумтөрдүн кызматкери изделүүдө
Кырсык
Петров көлүнө чөгүп кеткен Кумтөрдүн кызматкери  изделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектен барган төрт суучулу жана Ысык-Көл облустук куткаруучулар Петров көлүнө чөгүп кеткен Кумтөрдүн кызматкерин издөөдө. 

Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Кечээ кечки саат 6 чамасында "Кумтөр" компаниясынын кызматкери экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, Петров көлүнө кулаганын кабарлаган. Анткен менен экскаватордогу жумушчу туурасында так кабар жок.

Бул "Кумтөр Голд компани" ишканасындагы акыркы мезгилдеги экинчи кырсык. Буга чейин да 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жок болгон. Кийин издөө иштери натыйжасын берген эмес.