Жаңылыктар
"Көк булуң" көлүнө кулаган айдоочунун сөөгү жээкке чыгарылды
Кырсык
"Көк булуң" көлүнө кулаган айдоочунун сөөгү жээкке чыгарылды

Кумтөр кенинде экскаватору менен кошо "Көк булуң" көлүнө кулаган айдоочунун сөөгү жээкке чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдишти. Эскерте кетсек, окуя 15-февраль күнү саат 18.00дөр чамасында болгон. Маалыматтарда кырсыктаган 54 жаштагы киши "Кумтөр" компаниясынын кызматкери, Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочусу экени айтылат. Ал экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, көлгө кулаган. 

Көлгө кулаган кызматкерди издөөгө Бишкектен суучулдар жана Ысык-Көл облустук башкармалыгынын куткаруучулары барган. "Музду жарып, экскаваторчыгарылды. Мерт болгон айдоочунун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди" - деп айтылат ӨКМдин маалыматында. Бул "Кумтөр Голд компани" ишканасындагы акыркы мезгилдеги экинчи кырсык. Буга чейин да, 2019-жылдын 1-декабрында, Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жок болгон. Кийин издөө иштери натыйжасын берген эмес.